Түрк кеңешине мүчө өлкөлөрдүн министрлери эртең Бакуда чогулат

Жыйынга Азербайжан, Түркия жана Кыргызстандын билим берүү министрлеринин катышуусу күтүлүүдө.

207764
Түрк кеңешине мүчө өлкөлөрдүн министрлери эртең Бакуда чогулат

Түрк кеңешинин билим берүү министрлеринин жыйыны эртең Азербайжандын борбор шаары Бакуда өткөрүлөт.
Билим берүү министрлери жыйындын алдында Бакуда чогулушту.
Жыйындын ачылыш сөзүн Түрк кеңешинин баш катчысы Рамил Хасанов сүйлөдү.
Хасанов жыйындын түрк мамлекеттеринин билим берүү кызматташтыгынын өнүгүүсүнө салым кошо турганын баса белгиледи.
Билим берүү министрлеринин жыйынында лицей деңгээлинде окуучу алмашуу программасы, орток тарых жана адабият китептеринин даярдалуусу жана биргелешкен билим берүүчү телеканалдардын түзүлүүсү сыяктуу темалар каралат.
Түрк кеңешинин билим берүү министрлеринин жыйынына Азербайжан, Түркия жана Кыргызстандын билим берүү министрлеринин катышуусу күтүлүүдө.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар