Түркия Кипр маселесинин тез арада чечилишин каалайт

Давутоглу Чыгыш Жер Ортолук деңиздин Түндүк Кипр Түрк Республикасына эч качан жабылбай турганын баса белгиледи.

206505
Түркия Кипр маселесинин тез арада чечилишин каалайт

Түркия Кипр маселеси темасында тез арада тынчтык түзүлүүсүн каалайт.
Премьер-министр Ахмет Давутоглу Чыгыш Жер Ортолук деңиздин Түндүк Кипр Түрк Республикасына эч качан жабылбай турганын баса белгиледи.
Давутоглу: «Чыгыш Жер Ортолук деңиздин жана Кипрдын өзгөчө чек коюлган экономикалык зонасында эки коомчулуктун да тең укуктары бар. Бул укуктардын колдонулушу багытында да эч кандай тайсалдоо болбойт»,-деди.
Премьер-министр Давутоглу Түндүк Кипр Түрк Республикасынын премьер-министри Өзкан Йорганжыоглу менен жолукту.
Давутоглу бул жолугушуудан кийин биргелеше өткөрүлгөн маалымат жыйынында да Кипр маселесинин чечилиши темасында Түркиянын чечкиндүүлүгүн сөз кылды.
Түркиянын Кипрдын түштүгүндө жүргүзгөн сейсмикалык изилдөөлөрүн шылтоо кылып сүйлөшүү үстөлүнөн туруп кеткен Кипрдын Рум бөлүгү экендигин эске салган Давутоглу, тыгыздаштырылган сүйлөшүүлөрдүн тез арада башталып тынчтыктын камсыздалышы керектигин белгиледи.
Чечим табуу үчүн тыгыздаштырылган сүйлөшүү процессине же болбосо бирдикте комиссия түзүлүп жаратылыш байлыктарынын тынчтыкты шыктандыргыдай түрдө колдонулушу керектигине көңүл бурган Давутоглу, Түндүк Кипр Түрк Республикасынын уланып жаткан өнүгүүсүнүн уланышы үчүн тийиштүү бардык колдоо көрсөтүлө турганын баса белгиледи.
Түндүк Кипр Түрк Республикасынын премьер-министри Йорганжыоглу болсо чечим табуунун кайсы негиздерге таяна турганынын февраль айында жарыяланган орток текстте белгиленгенин айтты.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар