Илхам Тохти көз карандысыз соттордо жоопко тартылышы керек

Гүнгөр Явузаслан Тохтинин тарапсыз, көз карандысыз соттордо кайра соттолушу керектигин айтты.

205653
Илхам Тохти көз карандысыз соттордо жоопко тартылышы керек

Түрк тилдүү мамлекеттердин эл аралык журналисттер коомунун жетекчиси Гүнгөр Явузаслан Кытайда камакта жаткан уйгур түркү журналист-академик Илхам Тохтинин укуктук абалынын эл аралык соттордо каралышы керектигин айтты.

Явузаслан Кытай сотунун Илхам Тохтинин өмүр бою абак жазасы боюнча аппеляциялык кайрылуусун четке какканын белгилеп, "Кытайдын соттору адилеттүү эмес. Илхам Тохти көз карандысыз сот алдына чыгарылышы керек",-деди.

Гүнгөр Явузаслан Кытайдын бул укук тааныбаган кыймылдарына каршы эл аралык укуктун процесске кириши жана Тохтинин тарапсыз, көз карандысыз соттордо кайра соттолушу керектигин айтты.

Явузаслан ошол эле учурда абакта Тохти дуушар боло труган ар түрдүү терс окуялардан Кытайдын жооптуу болоорун белгиледи.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар