Азербайжанда түрк маданиятынын жумалагы башталды

Түрк маданиятынын жумалыгынын алкагында ар түрдүү иш-чаралар өткөрүлөт.

203661
Азербайжанда түрк маданиятынын жумалагы башталды

Маданият жана туризм министрлиги тарабынан Азербайжандын борбор шаары Бакуда уюштурулган Түркия маданиятынын жумалагы башталды.
Маданият жана туризм министри Өмер Челик да маданият жумалагы үчүн Бакуда.
Түрк маданиятынын жумалагы Гайдар Алиевдин көрүстөнүнө зыярат кылуу менен башталды.
Өмер Челик жана аны коштогон делегация Бакудагы Азербайжан жана Түрк шейиттиктерине да зыярат кылышты.
Өмер Челик андан кийин Азербайжандын маданият жана туризм министри Эбулфез Караев менен жолугушту.
Жолугушууда эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтыктын күчтөндүрүлүүсү үчүн иш тобунун түзүлүүсү жана энергетика долбоорлоруна салым кошуу үчүн биргелеше иш алпарууга чечим чыгарылды.
Челик менен Караев Азербайжандагы клем музейин да кыдырышты.

Түркия маданиятынын жумалыгынын алкагында 27-ноябрга чейин борбор шаар Бакуда кол өнөрчүлүк жана фотосүрөт көргөзмөсү менен кинотасма жана театр программалары өткөрүлөт. 


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар