Баку атылган тик учар тууралуу маалымат берди

Европа Коопсуздук жана Кызматташтык Уюму да фронт аймагында иликтөөлөрдү жүргүздү

194709
Баку атылган тик учар тууралуу маалымат берди

Азербайжан коргоо министрлиги Армениянын аскердик тик учарынын атып түшүрүлүүсү тууралуу иликтөөлөрүн аяктады. Министрлик тик учардын Азербайжан буктурмаларына ок атканы үчүн атылганын билдирди. Азербайжан - Армения фронтунда чек араны бузган Армения аскердик тик учары атып түшүрүлгөн. Окуяда 3 армян аскери каза болгон. 

Азербайжан коргоо министрлиги окуя тууралуу баштаткан иликтөөнүн жыйынтыктарын графикалык көрүнүштөрү менен билдирди. Маалыматта Азербайжан буктурмаларына ок аткан тик учардын ок атуу менен жооп берүүсү боюнча атылганы билдирилди. Окуя учурунда тартылып алынган көрүнүштөрдүн тик учарлардын Азербайжан буктурмаларына кол салганын аныктаганы белгиленди. Эки тик учардын ок аткандан кийин бири бирин колдоп окуя болгон жерден кеткени да баса белгиленди. Ошол эле учурда Европа Коопсуздук жана Кызматташтык Уюму да фронт аймагында иликтөөлөрдү жүргүздү. 


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар