Түрк тилдүү өлкөлөрдүн медиа форуму

Форумга түрк дүйнөсүн түзгөн 21 мамлекет жана коомдон 100гө жакын пресса кызматкери катышууда

191829
Түрк тилдүү өлкөлөрдүн медиа форуму

Түрк тилдүү өлкөлөр жана коомдорунун медиа форуму кечээ Түндүк Кипр Түрк Республикасында башталды. Форумга түрк дүйнөсүн түзгөн 21 мамлекет жана коомдон 100гө жакын пресса кызматкери катышууда. Форумдун ачылышына Түркия Жогорку Улуттук Парлментинин спикери Жемил Чичек, вице – премьер Бүлент Арынч, Түндүк Кипр Түрк Республикасынын парламентинин спикери Сибел Сибер жана премьер – министр Өзкан Йорганжыоглу да катышты. Форумда түрк дүйнөсүндө болуп жаткан маселердин дүйнөгө жетеринче билдириле албаганы баса белгиленди. Жемил Чичек сүйлөгөн сөзүндө түрк дүйнөсүндөгү маселелердин бардык чындыктары менен дүйнөгө билдирилүүсүнүн абдан чоң мааниге ээ экенин айтты. Бүлент Арынч да Кипр түрк калкынын доосун дүйнөгө түшүндүрүүдө кыйналганын белгилеп басма сөз кызматкерлерин бул тууралуу сезимталдуу болууларын суранды. Премьер – министр Өзкан Йорганжыоглу да 500 жылдан ашуун убакыттан бери аралда жашаган Кипр түрктөрүнүн тил жана маданияты менен эркин жашоо үчүн күрөшкөнүн белгиледи. Эртең аяктай турган форумда медианын тили, болуп жаткан маселелер жана маалыматтар сыяктуу темалар талкууланат.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар