Кыргызстандын элчиси ишеним грамотасын тапшырды

Кыргызстандын элчиси И.Жунусов президент Эрдоганга ишеним грамотасын тапшырды.

181083
Кыргызстандын элчиси ишеним грамотасын тапшырды

Түркия Республикасынын Президенти Режеп Таййип Эрдоган Кыргыз Республикасынын Атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Ибрагим Жунусовду кабыл алды.
Элчи Ибрагим Жунусов президентке ишеним грамотасын тапшырды.
Чанкая сарайында болгон кабыл алууда элчи Ибрагим Жунусов президент Эрдоганга ишеним грамотасын тапшырды.
Ишеним грамотасын тапшыруудан кийин президент Эрдоган менен бирге элчи Ибрагим Жунусов, жубайы Чынара Сатыбалдиева жана элчилик кызматкерлери эстелик фотосүрөтүнө түшүштү.
Андан соң президент Эрдоган элчи Жунусовду кызматтык бөлмөгө кабыл алып, эки өлкөнүн ортосундагы карым-катнаштар туурасында сүйлөштү.
Элчи Жунусов Президент Эрдоганды шайлоолордо жеңип чыккандыгы менен өзүнүн жана бүтүндөй кыргыз элинин атынан куттуктап, өзүнө ишенип элчи катары кабыл алгандыгы үчүн президентке ыраазычылык билдирди.

Президент Эрдоган да элчи Жунусовго кызматында ийгилик каалады.
Түркия мамлекети ТИКА аркылуу Кыргызстандагы Ыйман фондуна, Тарых музейине жана кыш жакындагандыктан Кыргызстандын газ менен камсыздалуусуна көмөктөшөт.
Андан соң Эрдоган Түндүк Кипр Түрк Республикасынын элчисин кабыл алды.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар