Ислам Каримов Түркмөнстанга барды

Огузхан сарайында өткөн жолугушууда эки өлкөнүн ортосундагы саясий, соода жана маданий карым – катнаштар менен бирге эл аралык жана аймактык темалар да каралды

170688
Ислам Каримов Түркмөнстанга барды

Өзбекстандын президенти Ислам Каримов түркмөн кесиптеши Гурбангули Бердимухаммедовдун чакыруусу менен Ашкабатка барды. Каримов менен Бердимухаммедовдун ортосунда Огузхан сарайында өткөн жолугушууда эки өлкөнүн ортосундагы саясий, соода жана маданий карым – катнаштар менен бирге эл аралык жана аймактык темалар да каралды.
Түркмөнстандын президенти Гурбангули Бердимухаммедов Өзбекстандын президенти Ислам Каримовду Ашкабаттагы расмий турак жайында салтанат менен тосуп алды. Расмий тосуп алуудан кийинки эки тараптуу жолугушууда лидерлер Түркмөнстан жана Өзбекстан тууралуу темалар менен аймактык маселелерди карашты. Эки лидер Афганстандын коопсуздук абалы жана бул өлкөгө социалдык жардамдын берилиши тууралуу бирдей көз карашта экендерин белгиледи. Жолугушуудан кийин Түркмөнстандын президенти Бердимухаммедов Каримовго «Эл аралык Махтымкулу сыйлыгын» тапшырды. Каримов да түркмөн лидерге Өзбекстандын «Көз карандысыздык орденин» такты.
Түркмөнстан жана Өзбекстан делегацияларынын арасында өткөрүлгөн жолугушууларда да эки өлкөнүн арасындагы экономикалык кызматташтыктын өнүктүрүлүшү жана ишкерлерге жеңилдиктин берилиши, Арал деңизинин куткарылуусу үчүн эки өлкөнүн биргелеше кыймыл кылуусуна чечим чыгарылды. Эки өлкө энергетика өткөрүү жолдорунун курулушу жана жаратылыш газ түтүк жолдорунун курулушу тууралуу келишим түздү.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар