Каспий деңизинде биргелешкен машыгуу өткөрүлөт

Азербайжан менен Орусиянын деңиз күчтөрү кызматташуу боюнча макулдашышты.

156458
Каспий деңизинде биргелешкен машыгуу өткөрүлөт


Азербайжандын коргоо министри Закир Хасанов, Азербайжан менен Орусиянын деңиз күчтөрүнүн Каспий деңизинде биргелешкен аскердик машыгуу өткөрө тургандарын айтты.
Хасанов ар түрдүү сүйлөшүүлөрдү өткөрүү үчүн Бакуга барган Орусия Федерациясынын Коргоо министри армия генералы Сергей Шойгу жана аны коштогон делегация менен жолугушту. Коргоо министрлигинин имартында өткөрүлгөн сүйлөшүүлөрдөн кийин эки өлкө 2015-жыл үчүн Кызматташтык келишимине кол коюшту.
Орус кесиптеши менен маалымат жыйын өткөргөн Хасанов, сүйлөшүүлөрдүн жемиштүү болгонун белгилеп, Азербайжан жана Орусиянын деңиз күчтөрүнүн ортосунда кызматташуу темасында макулдашкандарын баяндады.
Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Каспий деңизинде кызматташтык темасынын каралганын сөз кылган Хасанов: «Орусия менен Азербайжан Каспийде биргелешкен аскердик машыгуу жана кызматташуу боюнча бир катар иш-чараларды жүргүзөт»,- деди.
Орус министр Шойгу болсо Астраханда өткөрүлгөн 4-Каспий саммитинде кабыл алынган чечимдерди ишке ашыргандарын айтып, министрликтердин ортосундагы кызматташтык планы долбоорунун даяр экенин жана бул долбоордо биргелешкен аскердик машыгуу, кызматкерлерди даярдоо жана кызматкерлердин билим деңгээлинин жогорулатылышы сыяктуу темалар орун алганын билдирди.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар