Евразия Бажы Биримдиги

Кээ бир кыргыз жарандары Евразия Бажы Биримдигине кирүүгө каршы чыгууда

148674
Евразия Бажы Биримдиги

Кыргызстан Евразия бажы биримдигинен 5 жылдык макулдашууну талап кылды. 2015 – жылы Орусия, Белорусия жана Казакстан түзгөн биримдикке кире турган өлкө бул талаптын негизи катары экономикалык себептерди ортого салды. Бирок кээ бир кыргыз жарандары Евразия Бажы Биримдигине мүчө болууга каршы чыгууда.
Биримдикке каршылар өзгөчө өлкөнүн көз карандысыздыгынан, маанилүү кээ бир булактардын Орусиянын монополиясына киреринен жана өлкөдө ашыкча кымбатчылыктын болорунан тынчсызданууда.
Кыргызстандын экономика министри болсо өлкө Бажы Биримдигине мүчө болбосо социалдык, финансылык жана экономикалык маселелер менен бетме – бет келиши мүмкүн экенине көңүлдөрдү бурду. Билдирүүдө мүчөлүк ишке ашпаса Орусиядан Кыргызстанга салыксыз импорттолгон бензин жана дизелге салык салынары белгиленди. Жабылган фирмалардын санынын көбөйөрү, бюджет кемчилигинин өсөрү белгиленди.
Кыргызстан Евразия Бажы Биримдигине мүчө болуу үчүн кайрылуу чечимин 2011 – жылы 11 – апрелде чыгарган. Казакстандын борбор шаары Астанада 29 – майда Евразия Бажы Биримдигинин лидерлер саммити өткөрүлүп, Кыргызстанды Бажы Биримдигине алып бара турган жол картасы сызылган.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар