Эроглу БУУдагы жолугушуулары тууралуу маалымат берди

Эроглу жолугушууда баш катчы да орун ала турган лидерлер саммити өткөрүлүшүн сунуштаганын айтты.

143882
Эроглу БУУдагы жолугушуулары тууралуу маалымат берди

Түндүк Кипр Түрк Республикасынын Президенти Дервиш Эроглу Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясына катышуу үчүн барган Нью-Йорктон кайтты.
Эроглу кайтаарында аэропортто жолугушуулары туурасында маалымат берди.
Эроглу Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысы Пан Ги Мун менен жакшы жана пайдалуу жолугушуу өткөргөндөрүн сөз кылып, түрк тарабынын көз караштарын түздөн-түз өткөрүү мүмкүнчүлүгүн тапкандарын белгиледи.
Эроглу жолугушууда Баш катчы да орун ала турган лидерлер саммити өткөрүлүшүн сунуштаганын айтты.
Дервиш Эроглу жакындап калган президенттик шайлоолордо талапкер болуп же болбой турганы жөнүндөгү суроого, «Ушул убакта сүйлөшүүлөрдүн үчүнчү баскычка өткөндүгү эске алынганда менин талапкерликтен көп сүйлөшүүлөргө көңүл бөлүүм туура болот. Ушул убакта шайлоону ойлогудай жерде эмесмин»,-деп жооп берди.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар