Э.Эргешов менен Ж.Эсеналиевдин маектешүүсү

Эрмамат Эргешов менен Жаныбек Эсеналиевдин маектешүүсү.

140544
Э.Эргешов менен Ж.Эсеналиевдин маектешүүсү

«Түркиядагы Кыргызстандыктар» рубрикабыздын бүгүнкү мейманы Анкара университетинин теология факультетинин дин педагогикасы боюнча докторантурасында окуп, билим алып жаткан Эрмамат Эргешов болмокчу.

Алгач мейманыбыз тууралуу кыскча маалымат берип кетели:
Эрмамат Эргешов 1987-жылы КРнын Ош шаарында жарык дүйнөгө келген. Ош шаарындагы «Жолон Мамытов» атындагы №33-орто мектепти бүтүргөн соң Түркияга келип теология адистиги боюнча даярдоо курсунан окуп, кайра Ош шаарына барып Ош мамлекеттик университетинин теология факультетинен билим алат. 2009-жылы билимин андан ары тереңдетүү максатында Түкияга келип Анкара университетинен дин психолгиясы боюнча магистратурада эки жарым жыл окуган. Учурда ушул эле университетте дин педагогикасы боюнча докторантурасында окуп жатат.
Келечекте Кыргызстанга барып кыргыз жаштарынын диний жактан сабаттуу болушуна педагог катары жардам бергиси келет.

Биздин маек негизинен Эрмаматтын Түркия жергесине кантип келип, бул адистикти кантип тандап калганы жана дин жана улут маселесиндеги айрым көйгөйлөр тууралуу болду.
Ошондой эле Эрмамат Түрк эли менен Кыргыз элинин окшоштуктары, айырмачылыктары жана бул жактан алган таасирлери туурасында да ой бөлүштү.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар