Давутоглу тынчтык маалыматын берди

Тынчтык билдирүүлөрү алдыңкы планга чыккан сөз сүйлөөсүндө премьер-министр Давутоглу Грецияга да чакырык таштады.

129167
Давутоглу тынчтык маалыматын берди

Премьер-министр Ахмет Давутоглу кызматка баштагандан кийин алгачкы чет өлкөгө сапарын кечээ Түндүк Кипр Түрк Республикасына жасады.
Расмий азем менен тосулган Давутоглунун алгачкы аялдамасы Кипр маселесиндеги маанилүү кишилер Доктор Фазыл Күчүк менен экс президент Рауф Денкташтын көрүстөндөрү болду.
Өкмөт башчы Давутоглу андан соң президент Дервиш Эроглу менен жолукту.
Жолугушуудан кийин Давутоглу жана Эроглу биргелеше маалымат жыйын өткөрүштү.
Тынчтык билдирүүлөрү алдыңкы планга чыккан сөз сүйлөөсүндө премьер-министр Давутоглу Грецияга да чакырык таштады.
Эми кыймылдоонун убагы келгенин белгилеген Давутоглу: «Бул жерден урматтуу Анастасиадиске да кайрыламын. Келгиле бул тынчтыкты тез арада, эртең эмес бүгүн, келээрки аптада эмес бул жумада, келээрки жылы эмес быйыл түзөлү. Кийинкиге калтырылган ар бир чечим табуу чындыгында чечим таба албоону тереңдетет, кечеңдетпейли. Бул жерден Грецияга да чакырык саламын келгиле тынчтыкты чогуу түзөлү»,-деп айтты.
Өкмөт башчы Давутоглу андан кийин Кипрдын көчөлөрүн кыдырып эл менен учурашты. Андан соң Түштүктөн Түндүккө жөө өтүлгөн жалгыз капкага барып жооптуулардан маалымат алды.
Давутоглу Кипр сапарында парламент төрайымы Сибел Сибер жана өкмөт башчысы Өзкан Йорганжыоглу менен да жолукту.
Жолугушууларда Кипрга берилген күчтүү колдоо кайталанды.
Түркиянын Түндүк Кипр Түрк Республикасына колдоосу улана турганын баса белгилеген Давутоглу: «Түндүк Кипр Түрк Республикасынын жана Кипр түрк калкынын тагдыры, тынчтыгы, бактысы, Түркиянын тагдыры, тынчтыгы жана бактысы болуп саналат»,-деп айтты.
Түндүк Кипр Түрк Республикасынын премьер-министри Өзкан Йорганжыоглу премьер-министр Ахмет Давутоглунун урматына кечки сый тамагын берди.
Давутоглу Кысык шейиттери эстелигине зыярат кылды жана Кипр Түрк тынчтык күчтөрү командирлигине да барды.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар