Кыргызстанда Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары улантылууда

Учурда көк бөрү, алыш, тогуз коргоол, ордо, кыргыз күрөш оюндары боюнча таймаштар жүрүп жатат.

121975
Кыргызстанда Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары улантылууда

Оюндарга катышуу үчүн Чолпон-Ата шаарына келген жүздөгөн спортчу көркөмдүү көрүнүштөрдүн коштоосунда жарышууда. Учурда көк бөрү, алыш, тогуз коргоол, ордо, кыргыз күрөш оюндары боюнча таймаштар жүрүп жатат. Мелдештер менен катар Кырчын жайлоосунда жайгаштырылган этно-шаарчада көптөгөн маданий оюн зооктор да өткөрүлүүдө. Анда Орто Азия элдеринин турмуш тиричилигин чагылдырган каада салттар көргөзүлүүдө.
Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары ишемби күнү өткөрүлө турган финалдык мелдештер менен аяктайт.
Финалдар саат 20дан баштап ТРТ-Аваз каналынан түз эфирде көрсөтүлөт.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар