Кипрде адилеттүү чечим табууну жактайбыз

Эрдогандын күн тартибинде Кипр маселесинин чечилиши бар эле.

111334
Кипрде адилеттүү чечим табууну жактайбыз

Президент Режеп Таййип Эрдоган алгачкы чет өлкөгө сапарын кечээ Түндүк Кипр Түрк Республикасына жасады.
Күн тартибинде Кипр маселесинин чечилиши бар эле.
Президент Режеп Таййип Эрдоган жана Түндүк Кипр Түрк Республикасынын Президенти Дервиш Эроглу өз алдынча жолугушкандан кийин биргелеше маалымат жыйын өткөрүштү.
Президент Эрдоган Кипр маселесинин тез арада чечилиши керектигин айтты.
Эрдоган: «Алдыбызга адилеттүү эмес проекттер менен келгендер билип коюшсун, мындай проектти кабыл алуу тарыхты четке кагуу болот. Ошондуктан мындай проекттерди кабыл ала албайбыз. Греция жана Англия аракеттерин чын жүрөктөн ортого салышы керек. Биз жакшы ниеттүү жана чечим табууну жактаган мамилебизди коргоодобуз»,-деди.
Президент:«Түркия, Кипр Рум Бөлүгүнө Түндүк Кипр Түрк Республикасынын азчылык болушуна эч качан жол бербейт»,-деп айтты.
Эрдоган христиан дин окуу жайынын ачылышынын эч кандай маселе туудурбай турганын, а бирок Грециянын Түркиянын талаптарын орундатышы керектигин белгилеп өттү.
Түндүк Кипр Түрк Республикасынын Президенти Дервиш Эроглу да Кипрда туруктуу тынчтыкты каалагандарын билдирди.
Президент Эрдоган андан соң Түндүк Кипр Түрк Республикасындагы эң чоң шейиттер көрүстөнү Богаз шейиттигине зыярат кылды.
Түндүк Кипр Түрк Республикасынын Президенти Дервиш Эроглу президент Режеп Таййип Эрдогандын урматына кечки сый тамагын берди.
Президент Эрдоган Түндүк Кипр Түрк Республикасындагы жолугушууларын бүтүрүп өлкөгө кайтты.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар