Кипр сүйлөшүүсү

Кипр маселесине чечүүчү жол табуу максатында башталган сүйлөшүү процесси улантылууда

105462
Кипр сүйлөшүүсү

Аралда туруктуу орток мамлекеттин курулушу үчүн кипрдик түрк сүйлөшүүчү Кудрет Өзерсай менен рум сүйлөшүүчү Андреас Маврояннис тарапсыз аймакта кечээ кайрадан жолугушту. Жолугушууда жаңы процессте сүйлөшүүлөрдүн кандай алдыга жылары, БУУнун ролунун эмне болору, процесстин ылдамдатылуусунда эмнелердин жасалары тууралуу темалар каралды.

Кипрдик түрк сүйлөшүүчү Кудрет Өзерсай сүйлөшүүдө БУУнун баш катчысы Пан Ги Мундун норвегиялык  дипломат Эспен Барт Эйдени Кипр атайын кеңешичиси катары дайындоосун да баа беришкендерин белгиледи. 

Жаңы дайындалган кеңешчинин  Кипр маселесинде адис болбошунун түрк тарабы үчүн абдан маанилүү эмес экенин белгилеген Өзерсай : "Ушул күнгө чейин өнүгүү боюнча түзүлө турган бир процесске ээ чыга турган атайын кеңешчини күтүп жатканбыз. Биз буга карайбыз",- деди. 

Өзерсай Кипр рум тарабында расмий жолугушууларды өткөргөн Грециянын тышкы иштер министринин орун басары Криакос Геронтопулостун билдирүүлөрүнө каршы чыкты. 

Эки тараптын ортосундагы кийинки  сүйлөшүү 2 - сентябрь шейшемби күнү өткөрүлөт. Түндүк Кипр Түрк Республикасынын Президенти Дервиш Эроглу жана Рум башкаруусунун лидери Никос Анастасиадис тарапсыз аймакта жолугушат. 


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар