Улуттук кийимдердин дефилеси болду

Дефиледе түрк тилдүү мамлекеттердин улуттук кийимдери таанытылды.

103849
Улуттук кийимдердин дефилеси болду

Улуттук кийимдердин дефилеси болду.
Кастамону муниципалитети тарабынан уюштурулган дефиледе дизайнер Ахмет Өзжейхан даярдаган түрк тилдүү мамлекеттердин 60 улуттук кийими тартууланды.
Кастамонуда 18-Түрк дүйнөсү күндөрүнүн алкагында «Түрк дүйнөсүнүн улуттук кийимдеринин дефилеси өткөрүлдү.
Дефиледе түрк тилдүү 7 өлкө менен катар Осмон жана Анадолу цивилизацияларынын 60 улуттук кийимин, Шебнем Шефер жана Элиф Эже Узун да арасында болгон 12 модель таанытты.
Дизайнер Ахмет Өзжейхан Түрк Республикалары, Осмон империясы жана Анадолу цивилизацияларынын улуттук кийимдерин ушул иш-чара аркылуу таанытууну максаттагандарын айтты. Ал Түндүк Кипр Түрк Республикасы, Түркмөнстан, Өзбекстан, Кыргызстан, Азербайжан, Татарстан жана Тажикстандан алынып келинген кездеме жана шуру-мончоктор менен кийимдердин дизайнын даярдагандарын сөз кылды.
Бул иш-чара Шебнем Шефердин түрк желеги тартылган көйнөк кийип чыгышы менен аяктады.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар