Кытайда дагы 8 уйгур өлүм жазасына тартылды

Өкүмдүн качан аткарылганы белгисиз.

101796
Кытайда дагы 8 уйгур өлүм жазасына тартылды

Кытайдын түндүгүндөгү Шиңжаң-Уйгур автономдуу районунда 8 киши зомбулук кыймылдарын уюштурду деген күнөөлөө менен өлүм жазасына тартылды.
Өлүм жазасы өкүмүнүн качан аткарылганы белгиленбеген кабарда, бул кыймылдарга уйгур түрктөрүнө карай кысым көрсөтүүчү саясаттар түрткү болгону көрүнүүдө.
Өлүм жазасына себеп катары киши өлтүрүү, өрттөө, жарылуучу заттардын өндүрүлүшү, сакталышы, таркатуу жана мамлекеттик кызматкерлерди коркутуу күнөөлөрү көрсөтүлдү.
Шектүүлөрдөн үчөө өткөн жылы борбор шаар Пекиндеги Тяньаньмен аянтында калың топ элдин үстүнө унаа айдаганы жана 3 кишинин өлүмү менен 39 кишинин жаракат алышына себепчи болгону менен айыпталды.
Калган 5 кишинин Аксу жана Хотан шаарларында полицияга кол салгандары, 1 кишини өлтүргөндөрү жана радикалдык видеолорду көргөндөрү менен күнөөлөнүшкөн.
Өкүмдүн качан аткарылганы белгисиз.
Өлкөнүн жалпысындагы жарылуу жана бычактуу кол салуулар сыяктуу окуялар түздөн-түз радикалдык топтор менен байланыштырылууда.
Кытай бийлиги камакка алуу жана соттоо процесстерине байланыштуу маалыматтарды коомдук пикир менен бөлүшпөй, жалгыз гана берилген жазаларды расмий медиа аркылуу жарыялоодо.
Жоопко тартуулар ачык болбогондуктан дүйнө жүзүнүн каршы чыгуусун тартууда.
Июнь айында да ушул сыяктуу күнөөлөөлөр менен 13 киши өлүм жазасына тартылган.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар