ТПАО эки банк менен насыя келишимине кол койду

Түркия энергетикага инвестиция жасоодо.

98888
ТПАО эки банк менен насыя келишимине кол койду


Азербайжан газын Түркия аркылуу Европага жеткире турган «Шахдениз» долбоору үчүн Түркиянын мунай заттар акционердик өнөктөштүгү (ТПАО) эки банк менен насыя келишимине кол койду.
Стамбулда 2014-жылы 31-майда кол коюлган келишим менен «Шахдениз» долбоорундагы үлүшүн 19 пайызга жеткирип экинчи ири акционер болду.
Энергетика министрлери Шахдениз долбоору үчүн бул жолу Анкарада чогулушту.
Үлүштү 10 пайыздык арттырууга карай финансылык колдоо үчүн кол коюлган насыя келишимине энергетика жана жаратылыш байлыктары министри Танер Йылдыз менен ТПАОнун башкы директору Бесим Шишман жана банк жооптуулары катышты.
Бул долбоордун алкагында эки банк менен 1 миллирд доллардык насыя келишими түзүлдү.
Транс Анадолу жаратылыш газ түтүк жолу проектиндеги (ТАНАП) үлүшүн да 20 пайыздан 30 пайызга жеткирген Түркия 2018-жылы «Шахдениз» долбоору аяктагандан кийин Азербайжан газын Европа базарларына жеткире турган маанилүү коридор болот.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар