Путин Азербайжан менен Армениянын лидерлерин жолугуштурду

Тоолуу Карабах маселенинин тынчтыкчыл жолдор менен чечилишин каалашат.

87235
Путин Азербайжан менен Армениянын лидерлерин жолугуштурду

Орусиянын президенти Владимир Путин Тоолу Карабах маселеси боюнча Азербайжан менен Армениянын лидерлерин жолугуштурду.
Жыйында лидерлер өкмөттөр деңгээлиндеги диалогду улантууга чечим чыгарышты.
Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавровдун берген маалыматына караганда, Азербайжандын президенти Илхам Алиев менен Армениянын президенти Серж Саркисьян маселенин тынчтыкчыл жолдор менен чечилишин каалагандарын сөз кылышты.
Сүйлөшүүнүн эки тарап үчүн тең жемиштүү өткөнүн, диалогду улантуу чечими чыкканын баяндаган Лавров: «Бирок эң маанилүү маселелер дагы эле чечилген жок»,-деди.
Путин да: «Жакшы ниет менен ар бир маселе чечиле алат, менин оюмча эки өлкө туурасында тең жакшы ниет бар»,-деп айтып, тараптарды сабырдуулукка чакырды.
Азербайжандын президенти Алиев да армениялыктардын басып алган Азербайжандын жерлеринен чыгуусу темасында БУУнун Улуттук коопсуздук кеңешинин ушул учурга чейин 4 башка токтом чыгарганына көңүл буруп: «Тилекке каршы бул токтомдор ушул учурга чейин аткарылган жок»,- деп айтты.
Тоолуу Карабахда армениялыктардын чек арадан өтүүгө аракет кылгандарынын себебинен 10 күн мурда башталган атышууларда 18 Азербайжан аскери шейит болду, 5 армян аскери каза тапты.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар