Азербайжан – Армения ортосунда абал курчуп баратат
Орусиянын президенти В. Путин Азербайжан жана Армениянын президенттери менен Сочиде ар башка жолугушат.
Чек арадагы кагылышууларда Азербайжан армиясынан 17 аскер шейит болду. Жараланган аскерлердин дарылануусу үчүн Түркия да аракетке өттү. Биринчи этапта 3 аскер бүгүн кечинде ГАТАга алып келинет.
Азербайжан – Армения фронтунда абал бир жумадан бери оорлошуп баратат. Акыркы болуп бир топ армян аскер Товуз аймагынан Азербайжан буктурмаларына кирүүгө аракет кылган. Ушул окуя боюнча кагылышуу чыкты жана 5 армян аскери каза болду.
Армениянын коргоо министри Сейран Оханян : «Азербайжандын Мингечевир суу сактагычын аткылай алабыз»,- деди. Азербайжандын коргоо министрлиги да жооп катары берген маалыматында : «Мындай кол салуу боло турган болсо Ереванды жер менен жексен кылабыз»,- деди. Бир тараптан абалды басаңдатуу үчүн дипломатиялык аракеттер да улантылууда.
Орусиянын президенти В. Путин Азербайжан жана Армениянын президенттери менен Сочиде ар башка жолугушат. Макулдашуу түзүлө турган болсо 10 – агуст жекшемби күнү үч тараптуу сүйлөшүү өткөрүлөт.