Эрдоган Алиевге көңүл айтты

Армения-Азербайжан чек арасындагы атышууларда 12 Азербайжан аскери шейит болгон.

78972
Эрдоган Алиевге көңүл айтты


Премьер-министр Режеп Таййип Эрдоган Азербайжандын президенти Илхам Алиев менен телефон аркылуу байланышып, Армения-Азербайжан чек арасындагы кагылышууларда шейит болгон аскерлер үчүн көңүл айтты.
Премьер-министрликтен маалымдашкандай өкмөт башчы Эрдоган Алиев менен өткөргөн сүйлөшүүсүндө, Армения-Азербайжан чек арасында 31-июлдан бери болуп жаткан атышууларда азербайжандык 12 аскердин шейит болгонун жана кээ бир аскерлердин жараланганын эске салып, шейит болгондордун жаткан жерлери жайлуу болушун, жаракат алгандардын сакайып кетишин каалап боордош Азербайжан калкына көңүл айтты.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар