Уйгур имамга кол салуу жасалды

Шектүү эки киши өлтүрүлүп, бир киши кармалды

76631
Уйгур имамга кол салуу жасалды

Кытайдын Шыңжан уйгур автоном аймагы дагы бир сокку кабары менен дүйнөлүк күн тартибинен орун алды. Аймактын эң чоң мечитинин имамына жасалган кол салуунун аткаруучусу эки уйгур түркү жасалган операцияда өлтүрүлдү.
Жума Тахир уйгур автоном аймагындагы Кашкарда эң чоң жана аймактын символу болгон «Идгах» мечитинин имамы болчу. 74 жаштагы имам Тахир шаршемби күнү эрте мененки намаздан чыгышында бычакталып өлтүрүлдү. Териштирүү баштаган кытай полициясы 3 уйгурду шектүү деп тапты. Полиция операция учурунда эки кылмышкерди атып өлтүрүп, бирин кармады.
Аймактан келген кабарларда Жума Тахирдин ыбадат кылууга тыюу салынган учурда Кытай өкмөтүн жактоосу менен уйгур түрктөрүнүн каршы чыкканы да айтылууда. Кытай полициясы болсо шектүү кишилердин радикал диний агымдардан таасирлениши мүмкүн экенин ортого салууда. Бирок Кытайдын өзгөчө Рамазан айында күч алган кысымы, орозо жана намаз башта болуу менен ыбадат эркиндигине алып келген чектөө адам укуктарын жактоочулар тарабынан сынга алынып, дүйнөлүк басма сөздө бат- бат маалымат катары берилип жаткан. Араларында Илхам Тохти сыяктуу илимпоз жана адам укуктарын коргоочулар да болгон көп сандаган уйгур түркү да «бөлүүчүлүк» менен күнөөлөнүп камоого алынды. Бул кишилерге байланыштуу маалымат үй – бүлө жана адвокаттарына да билдирилбестен, берилген жазалар расмий медианын жардамы менен коомчулукка жарыяланууда. Кытай көпчүлүгү уйгур болгон 20 миллиондон ашуун түрк жашаган Чыгыш Түркстанды 1949 – жылы бийлиги астына алып Шыңжан уйгур автоном аймагы деп жарыялаган.

 


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар