Азербайжанда добуш берүү процесси жекшемби күнү башталат
Түрк жарандары Азербайжандын үч башка шаары Баку, Ганжа жана Нахичеванда өз добуштарын бере алышат.
Азербайжанда орто эсеп менен 6 миң 300 түрк жараны президенттик шайлоонун биринчи айлампасы үчүн 3-август жекшемби күнү өз добуштарын беришет.
Чет өлкөдөгү түрк жарандары үчүн Президенттик шайлоонун биринчи айлампасы башталды.
Дос жана боордош өлкөдө добуш берүү процесси 3-август жекшемби күнү эртең менен саат 8:00де башталып, кечки саат 17:00ге чейин уланат.
Борбор шаар Бакуда жашаган жана чет өлкөдөгү шайлоочулардын тизмесине киргизилген орто эсеп менен 5 миң 600 киши бар.
Шайлоочулар кайсы шайлоо участкаларында жана кайсы убакыттарда добуш бере тургандарын Жогорку шайлоо комиссиясынын расмий интернет барагынан биле алышат.
Түрк жарандары добуш бере алуулары үчүн өздүк документтерин же паспортторун алып баруулары керек.
Ганжа жана Нахичевандагы Башкы консулдуктарда да 3-август жекшемби күнү добуш берилсе болот. Ганжада 403, Нахичеванда болсо 291 шайлоочу бар.