Кипр сүйлөшүүлөрүнө рум тарабы тамгасын басты

Рум бөлүгүнүн лидери жыйындан эки жолу чыгып кетти

70990
Кипр сүйлөшүүлөрүнө рум тарабы тамгасын басты

Кипр сүйлөшүүлөрүнө рум тарабы жол ачкан терстик тамгасын басты
Кипр Рум бөлүгүнүн лидери Никос Анастасиадистин кечээки жолугушуулар учурунда жасаган мамилеси жана жыйындан эки жолу чыгып кеткени ортого чыкты.
АКШнын вице – президенти Жо Байдендин аралга жасаган тарыхый зыяратынан кийин сүйлөшүүлөр кайрадан ылдамдады. Эки лидер айда эки жолу жолугушуу менен туруктуу чечүүчү жол табуу үчүн иштерин улантып жаткан. Рум тарабынын каалабагандыгы жана БУУнун параметрлерине тескери талаптарын коюу аракетине карабастан аралда жакшы атмосфера болгон. Бирок кечээ болгон абалдар атмосфераны өзгөрттү.
Түндүк Кипр Түрк Республикасынын Президенти Дервиш Эроглу менен Кипр Рум бөлүгүнүн лидери Никос Анастасиадис айлык сүйлөшүүлөрүнүн экинчисин өткөрүү үчүн БУУнун көзөмөлүндөгү тарапсыз аймакта жолугушушту.
Жолугушуудан кийин эки лидердин бирдикте Дайынсыз жоголгон кишилер комитетинин антропология лабораториясын зыярат кылуусу болсо жолугушуунун оң өтөөрүнө байланыштуу кадам катары каралды. Беш саатка созулган жолугушуудан кийин ар дайымкынын тескерисине эки лидер билдирүү жасаган жок. Бул абал дипломатиялык чөйрөлөр тарабынан адаттан тышкары деп белгиленип окуянын арты кийинки сааттарда билинди. Жолугушуу учурунда рум лидер Никос Анастасиадистин абдан жаман мамиле кылганы жана жыйындан эки жолу чыгып кеткени ортого чыкты. Келген маалыматтарга караганда түрк тарабы өткөн күндөгү жакындашуулардын көрбөстүккө салынбашы керектигин айтуусу менен араздашуу башталды. Дипломатиялык сылыктыкты бир тарапка таштаган рум лидер столду муштагылап, көз айнегин ыргытканы белгиленди.
БУУнун баш катчысынын атайын өкүлү Лиза Буттенхеим жыйынга берген бир сааттык убакыт Никос Анастасиадисти тынчтандырууга жеткен жок. Ачуулуу мамилесин уланткан Анастасиадис өз группасына да кыжырдануу менен жыйындан чыгып кетти. БУУнун жооптууларын таң калтырган окуядан кийин сүйлөшүүлөрдү эки тараптын сүйлөшүүчүлөрү улантты.
Сүйлөшүүлөрдүн аяктоосунан кийин Лиза Буттенхеим билдирүү жасады. Буттенхеим сүйлөшүүлөрдүн 2 – сентябрда улантыларын жарыялады. Бул жарыя дипломатиялык чөйрөлөр тарабынан БУУнун сүйлөшүүлөрдүн токтоп калуусуна бөгөт болду деп билдирилди.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар