Казакстандан түрк ишкерлерге инвестиция салууга чакыруу жасалды

Казакстандын Анкарадагы элчиси Жансеит Түймебаевдин жетекчилигиндеги делегация Измирде ишкерлер менен жолугушту

133212
Казакстандан түрк ишкерлерге инвестиция салууга чакыруу жасалды

Түркия менен Казакстандын ортосундагы соода көлөмү жылдык 3 миллиард жолларга жетти. Казакстанда иш алып барган түрк фирмаларынын саны болсо 500дөн ашуун. Эки өлкөнүн ортосундагы соода көлөмүнүн дагы да өстүрүлүүсү үчүн иштер аткарылууда. Акыркы болуп Казакстандан келген 18 кишилик бир делегация Измирде Эгей аймагы өнөр жай кабинетинде ишкерлер менен жолугушту.
Эгей аймагынын өнөр жай кабинетинин башкаруу кеңешинин төрагасы Эндер Йорганжылар : «2, 8 миллиард долларга жакын бир соода көлөмүн ишке ашырдык. Бирок бул чыныгы потенциал эмес. 10 миллиард долларга чейин чыга ала турган потенциал бар» ,- деди.
Казакстандын делегациясындагы жетекчилер да өлкөдө чет элдик инвестордун жолун ачкан жаңы ишке ашырууларга көңүлдөрдү бурду.
Түштүк Казакстан аймагынын губернаторунун өкүлү Сапарбек Туякбаев : «Казакстанда жалпысынан инвестицияда бул жылы өзгөрүүлөр болууда. Жаңы программа үчүн да жаңы мүмкүнчүлүктөр ачылууда. Ал да эң чоң мүмкүнчүлүк азыркы учурда Евразия Экономикалык Биримдигинин 2015 – жылдын 1 – январдан баштап ишке кирүүсү»,- деди. Казакстандын Анкарадагы элчиси Жансеит Түймебаев да : «Өлкөбүз акыркы жылдарда экономикалык инвестиция тармагында абдан чоң аракеттерди ишке ашырды. Өлкө тышынан инвестицияларды тартуу тууралуу жаңы кадамдар ташталууда»,- деди. Казакстан делегациясы Денизлиде да жолугушууларды өткөрөт.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар