Азербайжан нефтиден башка секторлор менен өсүүдө

2014 - жылдын биринчи жарымында 28, 7 миллиард доллар евролук продукция өндүрүлдү.

131970
Азербайжан нефтиден башка секторлор менен өсүүдө

Азербайжан экономикасынын нефть жана жаратылыш газ кирешелерине көз карандылыгы азаюда. Азербайжан 2014 - жылдын биринчи жарымында 28, 7 миллиард евролук өндүрүш өндүрдү. Мунун жарымынан көбүнүн нефть тышындагы секторлордон алган кирешелер түзөт. Азербайжанда жердин жаратылыш газынан улам күйүүсү менен биздин эрага чейинки алоолор өлкөсү деген ат берилди. Азербайжан дүйнөдө нефть чыгарылган биринчи өлкөлөрдүн бири болду.

Азыркы күндө болсо Азербайжан экономикасынын эң негизги киреше тармагы нефть жана жаратылыш газ кирешелери. Бирок Азербайжан экономикасынын бир гана нефть кирешелерине байланыштырууну каалабайт. Мына ушунун негизинде 2000 - жылдардын башында иштерин баштаган. Нефтиден башка тармакта өсүүгө абдан чоң маани берилди. Оболу эл аралык фирмалар өлкөгө чакырылды. Азербайжандык ишкерлерге төмөнкү пайыз менен колдоо кредити берилди. Мамлекет жардам берген завод - фабрикалар  ачылды. Жасалган бардык иштер түшүмүн бере баштады. Мамлекеттик статистикалык мекемесинин маалыматына караганда бул жылдын алгачкы алты айында нефтиден башка секторлордон алынган киреше, мурунку бир жылга караганда жети пайыздык катнашта өстү. Бул секторлордун  башында кийим, курулуш, мебель жана мал - чарбачылык турат. 2014 - жылдын биринчи жарымында 28, 7 миллиард доллар евролук продукция өндүрүлдү. Бул продукциялардын 56 , 3 пайызын нефть тышындагы секторлор түзүүдө.  


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар