Кыргызстан-Казакстан карым-катнаштары

131664
Кыргызстан-Казакстан карым-катнаштары

Казакстандын тышкы иштер министри Эрлан Идирисов менен Кыргызстандын тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев Орто Азия-Япония диалог жыйынынын алдында Чолпон-Ата шаарында жолугушушту.
Казакстандын Тышкы иштер министрлигинин жарыясында аты аталган жолугушууда учурдагы аймактык маселелерде кызматташтык каралып, Казакстан менен Кыргызстандын ортосундагы 1 миллиард доллардык соода көлөмүн көбөйтүү мүмкүнчүлүктөрү жана айыл чарба, суу энергиясы тармактарында ишке ашырылса боло тургандар талкууланды.
Эки өлкөнүн тышкы иштер министрлеринин жолугушуусунда Украина кризисинин да каралгандыгы билдирилди. Жолугушууда Украинадагы кырдаал боюнча Казакстан менен Кыргызстандын бирдей көз карашта экени баса белгиленди.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар