Ө.Нами Фюле менен Брюсселде жолукту

Нами: «Румдардын эми бул эскирген саясаттарын кайра карап чыгып, жаңы жана келечекке карай саясаттарды жүргүзүүлөрү керек».

123262
Ө.Нами Фюле менен Брюсселде жолукту

Түндүк Кипр Түрк Республикасынын тышкы иштер министри Өздил Нами Брюсселде Европа Комиссиясынын кеңейүү боюнча жооптуу мүчөсү Штефан Фюле менен жолукту.
Нами жолугуудан кийинки билдирүүсүндө Рум тарабынын кипрдык түрктөргө жол ачуулардын азайтылышы боюнча Европа Комиссиясына кысым көрсөткөнүнө көңүл бурду.
Рум тарабына эми бул эскирген саясаттарын карап чыгуусу керектиги боюнча чакырык таштаган Өздил Нами: «Муну заманга туура келбеген мамиле деп ойлоодомун. Кеңири чечим табуу максатына кызмат кылбаган мамиле. Буларды таштоосу керек»,-деди.
Аралдын түндүгү Европа Биримдигине канчалык көп жакындаса, кеңири чечим табуунун ошончолук жеңилдей турганын баса белгилеген Нами: «Рум тарабы Европа Биримдиги менен биздин жакындашуубузга тоскоол болсо колдоруна көзүр өтө тургансып мамиледе болууда. Чындыгында мунун тескериси болуш керек. Мунун ашылып өтүлүшү үчүн Европа комиссиясы баш болгон ЕБне мүчө өлкөлөргө да жоопкерчиликтер түшөт»,-деп айтты.
Нами: «Румдардын эми бул эскирген саясаттарын кайра карап чыгып, жаңы жана келечекке карай саясаттарды жүргүзүүлөрү керек»,-деди.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар