Кытайда орозо кармоого тыюу салуу

АКШ Кытайдын уйгур калкына жасалган бөлүүчүлүктөн терең санааркаганын билдирди

123503
Кытайда орозо кармоого тыюу салуу

АКШ Кытайдын түндүк батышындагы Шыңжан уйгур автоном аймагында этникалык жана диний азчылыктарга өзгөчө рамазан айында жасалган бөлүүчүлүк жана чектөөлөрдөн «терең санааркаганын» билдирди.
Тышкы иштер министрлигинин катчысы Жан Псакиге Шыңжан уйгур автоном аймагында мусулмандардын орозо кармабоосу боюнча эскертүүлөр тууралуу суралды. Кытайда диний азчылыктарга карата өзгөчө ыйык рамазан айында жасалган бөлүүчүлүктөрдөн терең санааркаганын белгилеген Псаки : «Кытайлык жетекчилерди араздашууну азайта турган багытта кадам таштоосуна чакырабыз. Кытайдын диний эркиндиктери жана башка дүйнөлүк адамзаттык укуктарын сакташарына байланыштуу убадаларында туруусун каалайбыз»,- деди. Псаки берилген бир суроо боюнча мусулмандарга карата чектөөлөрдүн мындан мурда да болгонун баса белгилеп, уйгурларга жасалган бөлүүчүлүккө карата тынчсызданууларын бир топ жолу билдиришкендерин белгиледи.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар