Давутоглу Кырымоглу жана Чубаров менен жолукту

Крымдагы акыркы абалдар каралды.

121946
Давутоглу Кырымоглу жана Чубаров менен жолукту

Түркиянын тышкы иштер министри Ахмет Давутоглунун чакыруусу боюнча Крым татар түрктөрүнүн лидери Мустафа Кырымоглу жана Крым Татар Улуттук Мажлисинин төрагасы Рыфат Чубаров кечээ Анкарага келди.
Сапарда Крымдагы акыркы абалдар каралды.
Давутоглу менен басма сөзгө жабык өткөн жолугушууда, Кырымоглу менен Чубаровдун Эне мекени Крым Автономиялуу Республикасына кирүүлөрүнө тыюу салынганы жана Крым Татар Улуттук Мажлисинин жабыла турганы менен коркутулганы күн тартипке келди.
Тышкы иштер министрлигинин жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө бул тыюу салуулардын тез арада жоюлушу, мындай түрдөгү мыйзамсыз жана укуксуз кысымдарга кайрылгандардын мамилелелерин өзгөртүшү керектиги баса белгиленди.
Анда айрыкча: “Түркия ар дайым болгону сыяктуу Крым татар түрктөрүн жактайт”,-деген сөздөр орун алды.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар