Түндүк Кипрде шайлоо өттү

Шайлоочулар конституцияга өзгөртүү киргизүүгө каршы чыгышты.

112091
Түндүк Кипрде шайлоо өттү

Түндүк Кипр Түрк Республикасында шайлоого барган шайлоочулар мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөргө каршы чыгышты.
Түндүк Кипр Түрк Республикасында жергиликтүү шайлоолор жана конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча референдум бир убакытта өткөрүлдү.
Шайлоочулар 681 үкөктө добуш беришти.
Референдум боюнча ачылган 426 үкөктө “макул” деген жооптор 37.64 пайызды түзсө, “каршы” деп добуш бергендер 62,36 пайызды түздү.
Парламентте өкүлдүк кылынган 4 партиянын колдоосу менен мыйзамга өзгөртүү киргизүү эл тарабынан колдоого ээ болбогондугу таң калууга себеп болду.
Премьер-министр Өзкан Йорганжыоглу мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү калкка жетиштүү деңгээлде түшүндүрө албагандыгы жана “макул” деп добуш берген эл өкүлдөрү бир убакытта кайра “жок” деп добушун өзгөрткөнүнө себеп болду деп ачыктады.
28 муниципалитеттердин жетекчилери үчүн өткөрүлгөн шайлоолордо үкөктөрдүн ачылышы менен жаңы муниципалитеттердин жетекчилери аныкталды.
Бийликтин партиясы болгон Республикачыл түрк партиясы, борбор шаар Лефкоша менен бирге Газимагуса жана Гирне сыяктуу маанилүү муниципалитеттерди башкаруудан кол жуушту.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар