Кайсериде уйгурлар футбол тунирин өткөрүштү

Түркиянын Кайсери шаарында дүйнөлүк уйгурлар футбол тунирин өткөрүштү.

99703
Кайсериде уйгурлар футбол тунирин өткөрүштү

Кайсериде өткөрүлүп, 5 күндөн бери уланган «Чыгыш түркстандык уйгур жаштарынын футбол турнири» аяктады.
Турнирде кубокту Казакстан командасы утуп алды.
Жагымдуу көрүнүштөр менен аяктаган кубок тапшыруу аземинде дүйнөгө тынчтык белгиси берилди.

Чыгыш түркстандыктар коому тарабынан уюштурулган «Чыгыш түркстандык уйгур жаштарынын футбол турниринин» финалдык оюну Казакстан менен Кыргызстан уйгур командаларынын ортосунда болду.
Оюнду Казакстан командасы 2-1 эсебинде утту.
Оюн талаасында уюштурулган кубок тапшыруу аземи абдан көркөмдүү көрүнүштү тартуулады. Турнирге катышкан бардык спортчуларга медаль берилди.

Командалар Түркиянын меймандостугуна ыраазы болушту.
Бул турнир 2 жылда бир кайталанып, салтка айланмакчы.
5 күнгө созулган достук жана туугандык турнири, катышуучулардын эстелик үчүн фотосүрөткө түшүүсү менен аяктады.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар