НАТОнун бир жыйыны Азербайжанда өттү

Жыйында Карабаг маселесине өзгөчө басым жасалды.

98345
НАТОнун бир жыйыны Азербайжанда өттү

НATOнун парламентарийлер ассамблеясы Азербайжанда ‘Түштүк Кавказдагы кыйынчылыктар жана мүмкүнчүлүктөр’ аталышында семинар уюштурду.
Семинардын алкагындагы чогулуштарга: Азербайжандын Улуттук мажлисинин төрагасы Октай Эседов, НATOнун парламентарийлер ассамблеясынын төрагасы Hugh Bayley, Эл аралык бейөкмөт уюмдарынын мүчөлөрү жана НATOго кирген өлкөлөрдүн өкүлдөрү катышты. Алардын катарын Армениядан келген өкүлдөр да толуктады.
‘Карабаг маселесин чечүү мөөнөтү’, ‘Крымдагы кризис жана Түштүк Кавказга тийгизген таасири’, ’Энергия коопсуздугу’, ’Иран жана аймактык коопсуздук’ темалары талкууга алынды. Бирок, алардын ичинен Карабаг маселесине өзгөчө басым жасалды.
НATO парламентарийлер ассамблеясынын төрагасы Hugh Bayley Карабагдагы маселе аймактагы абалга коркунуч келтиргенин айтып, бул көйгөйдүн тынчтык жолу менен гана чечилиши керек экендигин баса белгиледи.
Андан соң, армияндардын басып алуу позициясы сынга алынды.
Бириккен Улуттар Уюмунун коопсуздук кеңеши кабыл алган 4 чечимине ылайык, армяндарга Карабаг аймагындагы басып алган жерлерди тез арада бошотуп берүүлөрү керек экендиги эскертилди. Ошого байланыштуу Армения атка минерлери семинардын уланышына тоскоолдук кылышты.
Армениянын делегация башчысы Koryun Nahapetyan Карабаг маселесинде жалгыз гана Армениянын жооптуу катары каралышы туура эмес экендигин айтты.
Армениянын өкүлдөрү Азербайжан тарапка ЕККУ (Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюму) түзө турган Минск тобун жокко чыгаруу сунушун киргизди. Ага карабастан, Карабагдагы маселени чечүү үчүн ЕККУ тарабынан Минск тобу түзүлдү.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар