Азербайжанда боштондук майрамы майрамдалды

15-июнь Азербайжандын боштондук майрамы

97146
Азербайжанда боштондук майрамы майрамдалды

Азербайжандын улуттук боштондук күнү бүтүндөй өлкөдө кубанычтуу майрамдалды.
Иш-чаралардын алкагында фейрверк атылып, концерттер коюлду.
Майрамдоолордун эң көркөмдүүсү борбор калаа Бакуда болду.
Түн бир оокумга чейин уланган майрамдоолор концерттер менен коштолуп, фейерверк атылып турду.
Азербайжандыктар улуттук боштондук күнүн моокумдары кангыча белгилешти.
Азербайжандын боштондугу болсо чоң улуттук күрөш менен ишке ашырылды.
Азербайжанда 1993-жыл баш аламандык жылы эле...
Өлкө бир тараптан Армения менен Карабах фронтунда соугушуп жатканда, экинчи тараптан ички козголоңдор менен күрөшүп жатты.
Өлкөнүн жарандык согушту көздөй баратканын көргөн башкаруучулар ал мезгилде Нахичевань Али Мажлисинин төрагасы болгон Гайдар Алиевди Бакуга чакырды.
Ушундайча Гайдар Алиев 1993-жылдын 15-июнунда Азербайжан парламентин башкарып калды.
Кыска мөөнөттүн ичинде өлкөдө тынчтык түзүлдү.
Андан соң 3-октябрда референдум өткөрүлүп Гайдар Алиев президент болду.
Согушту токтоткон Гайдар Алиев Армения менен 1994-жылы Бишкекте ок атпоо келишимине кол койду.

Андан соң өлкөнүн экономикасы үчүн иштер башталды.
Ири энергетика келишимдерине кол коюлду.
Ошентип Азербайжан ылдам өнүгүп, өзгөрдү.
Эл өкүлдөрү 1997-жылы 15-июндун Азербайжандын боштондук күнү катары кабыл алынышын сунуштады.
Бул сунуш бир добуштан кабыл алынды.
Ошол күндөн бери 15-июнь Азербайжандын улуттук боштондук күнү катары майрамдалып келет.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар