Түркмөнстандын президенти Түркияда

Гурбангули Бердимухаммедов президент Абдуллах Гүл менен жолугушуусунда сапарынын максатына жеткенин айтты

82711
Түркмөнстандын  президенти  Түркияда

Түрк кеңешинин төртүнчү саммити үчүн Түркияга келген Түркмөнстандын президенти Гурбангули Бердимухаммедов президент Абдуллах Гүл тарабынан кечээ Чанкая сарайында расмий салтанат менен тосулуп алынды. Андан кийин жекеме – жеке жана делегациялар аралык сүйлөшүүлөргө өтүлдү.
Гүл өткөрүлгөн биргелешкен маалымат жыйында Түркмөнстан менен карым – катнаштардын абдан жакшы деңгээлде экенин баса белгилеп : «Карым – катнаштарыбыздын ар тармакта дагы да өнүктүрүлүшүнө карата эркибизди ортого садык. Түркмөнстан менен абдан жакшы түзүлгөн карым – катнаштарыбыздын эң негизгилери экономикалык жана соода тармагында ишке ашууда»,- деди. Бердимухаммедов да сапарынын максатына жеткенин айтты.
Бердимухаммедов андан кийин премьер – министр Эрдоган менен жолугушуу жана урматына берилген түшкү тамакка катышуу үчүн премьер – министрликтин расмий турак – жайына барды. Бердимухаммедов парламенттин спикери Жемил Чичекти да парламенттеги кызмат орунунда зыярат кылды.
Президент Абдуллах Гүл Түркмөнстандын президенти Бердимухаммедовдун урматына Чанкая сарайында кечки тамак берди. Гүл тамакта эки өлкөнүн арасындагы карым – катнаштарда акыркы 7 жылга токтолуп : «Бир караганда Түркия – Түркмөнстан карым – катнаштарындагы алтын доор. Максатыбыз бул ылдамдыкты сактап калуу менен кызматташтыгыбызга жаңы өлчөм алып келүүнү улантууда»,- деди. Бердимухаммедов президент Гүлгө Махтымкулу Фираки орденин тапшырды.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар