Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев Түркияда...

Атамбаев түрк лидерлер менен жолугушту

82415
Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев Түркияда...


Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Бодрумда бүгүн өткөрүлө турган Түрк тилдүү өлкөлөрдүн кызматташтык кеңешинин 4-саммитинин алдында Анкарада жолугушууларды өткөрдү.
Атамбаев алгач Чанкая Сарайында президент Абдуллах Гүл тарабынан тосулуп алынды жана эки президент өз алдынча сүйлөшүүлөрдү өткөрүштү.
Атамбаев андан соң Премьер-министрликке барып премьер-министр Режеп Таййип Эрдоган менен жолугушту.
Эки лидер өз алдынча сүйлөшкөндөн кийин Түркия-Кыргызстан Стратегиялык Кызматташтыгынын Башкы Кеңешинин жыйынына катышышты.
Жыйындан кийин Атамбаев менен Эрдоган тарабынан кызматташтык протоколуна кол коюлду жана эки лидер камералардын алдына чыгып маалымат жыйын өткөрүштү.
Эрдоган, учурда Кыргызстан менен тышкы соода көлөмүнүн 426 миллион доллар экенин белгилеп: «Албетте максатыбыз 2015-жылга чейин муну 1 миллиард долларга жеткирүү»,-деди.
Премьер-министр Эрдоган ТИКАнын Кыргызстандагы иш-чарларына да абдан маани бергендерин, бул уюмдун Кыргызстанга колдоо көрсөтүп саламаттык сактоо жана билим берүү тармактарындагы кадамдары жана ишке ашырган долбоорлору менен өзүн тастыктаганын айтты.
Эрдоган ТИКАнын Кыргызстанда ачыла турган Тарыхый музейге да өз салымын кошо турганын белгиледи.
Атамбаев да ар дайым түрк улутун бир тууган улут катары эсептегендерин белгилеп, Түркиянын Түрк Республикаларынын эң өнүккөнү жана эң чоңу экенин айтты.
Түркия менен Кыргызстандын ортосундагы соода көлөмүн 1 миллиард долларга жеткирүүнү каалагандарын билдирген Атамбаев түрк инвесторлорду «Манас» аэропортун кеңейтүү иш-чаралары үчүн да күткөндөрүн баяндады.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар