Кыргызстан жана Түркмөнстандын президенттери Анкарада...

Эки боордош өлкөнүн президенттери Анкарада жогорку жетекчилик менен жолугушууларды өткөрүштү.

83145
Кыргызстан жана Түркмөнстандын президенттери Анкарада...

Түркмөнстан жана Кыргызстандын президенттери Түркияда...
Түрк Кеңешинин 4-саммити үчүн Түркияга келген Түркмөнстандын мамлекет башчысы Гурбангули Бердимухамедов президент Абдуллах Гүл тарабынан кечээ Чанкая сарайында расмий азем менен тосулду.
Андан соң өз алдынча жана делегациялар аралык жолугушуулар өткөрүлдү.
Гүл биргелеше өткөрүлгөн маалымат жыйынында Түркмөнстан менен карым-катнаштар өнүккөн деңгээлде болгонун баса белгилеп, «Карым-катнаштарыбыз бардык тармакта дагы өнүгүүсү үчүн өз эркибизди ортого салдык. Түркмөнстан менен абдан жакшы жүрүп жаткан карым-катнаштарыбыздын эң маанилүүлөрү экономикалык жана соода-сатыктык тармакта аткарылууда»,-деди.
Бердимухамедов да сапары ийгиликтүү болгонун айтты.
Бердимухамедов андан кийин премьер-министр Режеп Таййип Эрдоган менен жолугушуу жана урматына бериле турган түшкү сый тамагына катышуу үчүн Премьер-министрликтин расмий үйүнө өттү.
Бердимухамедов Парламент төрагасы Жемил Чичек менен да парламенттеги кызмат орунуна барып жолукту.
Президент Абдуллах Гүл Түркмөнстандын мамлекет башчысы Бердимухамедовдун урматына Чанкая сарайында кечки сый тамагын берди.
Гүл тамакта эки өлкөнүн ортосундагы карым-катнаштардын акыркы 7 жылына анализ жасап: «Бир алып карасак, Түркия-Түркмөнстан карым-катнаштарындагы алтын доордун белгиси. Максатыбыз бул ылдамдыкты сактап, кызматташтыгыбызга жаңы өлчөм кошууну улантуу»,-деди.
Бердимухамедов да сапарынын эки өлкөнүн арасындагы карым-катнаштардын өнүгүүсүнө жана байышына чоң салым кошо турганына ишенгенин белгиледи.
Бердимухамедов президент Гүлгө «Мактумкулу Фираги» төш белгисин такты.
Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев да кечээ Чанкая сарайында болду.
Атамбаев эң оболу президент Абдуллах Гүл тарабынан салтанаттуу тосулду жана эки президент өз алдынча жолугушуу өткөрүштү.
Атамбаев андан соң Премьер-министрликке барып өкмөт башчы Эрдоган менен жолукту.
Эки лидер өз алдынча жолугушуу өткөргөндөн кийин Түркия-Кыргызстан Стратегиялык Кызматташтыгынын Башкы Кеңешинин жыйынына жетекчилик кылышты.
Жыйналыштан кийин Атамбаев менен Эрдоган тарабынан кызматташтык протоколуна кол коюлду жана эки лидер камералардын алдына өтүп биргелеше маалымат жыйын өткөрүштү.
Премьер-министр Эрдоган Кыргызстандын кудум эле өзгөрүү жана өнүгүү мезгилинде болгонун айтып, бул процессте саясий, аскердик, экономикалык, соода-сатыктык, маданий, билим берүүгө карай карым-катнаштардын артканын айтты.
Эрдоган ушул убакта Кыргызстан менен соода-сатык көлөмүнүн 426 миллион долларга жеткенин белгилеп, «Албетте максатыбыз 2015-жылдын акырына чейин мунун 1 миллиард долларга жеткирүү»,-деди.

 


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар