Кипр сүйлөшүүлөрү уланууда

Президент Дервиш Эроглу Рум башкаруусунун лидери Никос Анастасиадис менен  жолугушту.

81507
Кипр сүйлөшүүлөрү уланууда

Кипр маселесине чечим табуу үчүн сүйлөшүү процесси уланууда.
Түндүк Кипр Түрк Республикасынын Президенти Дервиш Эроглу Рум башкаруусунун лидери Никос Анастасиадис менен бейтарап аймакта кечээ дагы бир жолу жолугушту.
Жолугушууга Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысынын Кипр боюнча атайын өкүлү Лиза Буттенхайм жана эки тараптын тең сүйлөшүүчүлөрү катышып, саясий теңдик, федералдык башкаруу жоопкерчиликтери, шайлоо системасы жана ишенимди чыңдоочу чара көрүүлөр сыяктуу темалар каралды.
Тараптар эки тараптуу түрдө өз көз караштарын камтыган сунуштарын айтышты. Жолугушууда бул атайын темаларда сунуштарды жасоо жана ушул баскычты эрте бүтүрүү темасында бирдей пикирге келишти.
Жолугушуудан кийин ачыктоо жасаган президент Эроглу рум тарабы менен пикир келишпестиктердин уланганын айтты.
Эроглу түрк тарабынын аткарылгыдай мамилеси уланып жатканын белгилеп, «Кипрде туруктуу болгонуна ишенилген бир келишимдин түзүлүшү үчүн түрк тарабы катары милдетибизди орундатууга аракет кылып жатканда, албетте укуктарыбызды да сүйлөшүү үстөлүндө жактообузду улантабыз»,-деди.
Эроглу Рум тарабынын мурдагы сүйлөшүүлөрдө жетишилген жакындашууларды эске албай, өздөрүнүн буга каршы чыккандарын айтты.
Эроглу эртең сүйлөшүүчүлөр кайрадан жолугушуп, чечим табуу аракеттерин уланта турган мындан кийинки лидерлер жолугушуусунун болсо 23-июнда боло турганын айтты.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар