Түркия Боснияга жардам берүүсүн улантууда

Бир мебел фирмасы Боснияга 16 жүк унаасы толтура жардам жиберди.

79430
Түркия Боснияга жардам берүүсүн улантууда

Акыркы жылдардын эң оор сел апаатына дуушар болгон Босния-Герцеговинага дагы бир жардам Бурсадан жасалды.
Бир мебел фирмасы Боснияга 16 жүк унаасы толтура жардам жиберди.
Жардамга жиберилген жүк машиналарды узатуу аземинде сөз сүйлөгөн вице-премьер Бүлент Арынч : «Түркия апаатка учуруган өлкөлөргө ар дайым жардам берет»,-деди.
Апаатка учурагандарга жардам берүүнүн түрк коомчулугунун ишенич жана салттарында бар экендигин баса белгилеген Арынч, Босния-Герцеговинага жардам берүү улантыла турганын айтты.
Арынч Түркиянын жыл сайын тышкарыга 2,5 миллиард доллардык жардам берип жаткандыгын белгилеп,Түркиянын апаат жана курч кырдаалды башкаруу башкармалыгы (AFAD) жана Кызылай аркылуу жасалган жардамдардын бүткүл дүйнөдө мактоого арзыганын белгиледи.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар