Эрлан Абдылдаев Давутоглу менен жолугушту

Давутоглу эки өлкөнүн ортосундагы соода көлөмүн эң кыска мөөнөттө 1 миллиард долларга жеткирүүнү каалагандарын баяндады.

72135
Эрлан Абдылдаев Давутоглу менен жолугушту

Тышкы иштер министр Ахмет Давутоглу Кыргызстандын тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев менен жолугушту.

Абдылдаевди Тышкы иштер министрликтин имаратында тосуп алган Давутоглу конок министр менен бир топко сүйлөштү.

Жолугушуудан кийин биргелешкен маалымат жыйын өткөргөн эки министр Түркия менен Кыргызстандын ортосундагы кызматташтыктын өнүктүрүлүүсү керектигин баса белгилешти.

Давутоглу Түркия менен Кыргызстандын келечектери бири-бирине өз ара байланышкан эки өлкө экенин айтты.

Карым-катнаштардагы өнүгүүгө болгон ыраазычылыгын сөз кылган Давутоглу, эки өлкөнүн ортосундагы соода көлөмүн эң кыска мөөнөттө 1 миллиард долларга жеткирүүнү каалагандарын баяндады.

Эки тараптуу карым-катнаштарды системалуу түрдө жүргүзүү үчүн Жогорку деңгээлдеги стратегиялык кызматташтык кеңеши механизмин түзгөндөрүн билдирген Давутоглу, кеңештин үчүнчү жыйынынын июнь айынын башында өткөрүлө турганын белгиледи.

Түрк жана кыргыз калктарынын орток тил жана маданиятты бөлүшкөнүн белгилеген Давутоглу: «Түркия, Кыргызстанда "Манас" университетин салып Орто Азиядагы, балким дүйнөдөгү эң чоң билим берүү инвестициясын жасаган болушу мунун белгиси болуп саналат»,-деп айтты.

Кыргызстандын тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев болсо Сомадагы шахта кырсыгына капа болгонун сөз кылды.

Давутоглу менен жолугушуусунда эки тараптуу жана аймактык маселелерди карагандарын айткан Абдылдаев, Түркия менен көптөгөн тармактагы кызматташтыкты өнүктүргүсү келгендерин баса белгиледи.

 


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар