Кипрде сүйлөшүү процесси уланууда

Сүйлөшүүчүлөр федералдык ыйгарым укуктар, тышкы байланыштар жана кыймылсыз мүлк темаларын карап чыгышты.

67593
Кипрде сүйлөшүү процесси уланууда

Кипрде сүйлөшүү процесси уланууда.
Сүйлөшүүчүлөр бейтарап аймакта жолугушуп федералдык ыйгарым укуктар, тышкы байланыштар жана кыймылсыз мүлк темаларын карап чыгышты.
Түрк тарабы бул темаларга байланыштуу 3 жаңы сунушту сунуштады.
Жыйналыштын алгачкы күн тартип беренеси болсо сүйлөшүүлөрдө жүргүзүлгөн сунуштардын Кипрдын Рум басма сөзүнө өткөрүлүп жиберилиши эле.
Бириккен Улуттар Уюмунун Кипр боюнча атайын өкүлү Лайза Баттенхайм жана түрк сүйлөшүүчү Кудрет Өзерсай бул темадагы тынчсызданууларын сөз кылышты.
Европанын адам укуктары сотунун өкүмүнө да токтолгон Өзерсай, өкүмдүн убактысы жагынан алганда туура болбогонун баса белгилеп,Кипрдын рум тарабында «шашылышыбыз жок, кантсе дагы соттун өкүмү менен кыймыл кылабыз» деген кабылдоо жараткан учурунда, мунун олуттуу маселеге айлана турганын айтты.
Сүйлөшүүчүлөр алдыбыздагы жумада кайрадан жолугушуп чечим табуу сунуштарын карашат.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар