ТИКАнын төрагасы Сердар Чам менен маектешүү

Түркия Республикасынын Премьер-министрлигине караштуу Түрк кызматташтык жана координация агенттиги ТИКАнын төрагасы др.Сердар Чам мырза Кыргызстан менен Түркиянын карым-катнаштары туурасында маалымат берди. Түркия үнү радиосу: Түрк кызматташтык жана коо

65868
ТИКАнын төрагасы Сердар Чам менен маектешүү

Түркия үнү радиосу: Түрк кызматташтык жана координация агенттиги ТИКАнын төрагасы Сердар Чам мырзадан Кыргызстан менен Түркиянын карым катнаштарын сурадык.
Сердар Чам: Кыргызстан менен абдан тыгыз иштерибиз бар. 22 жылдык өтмүшүбүз бар. Акыркы 4-5 жылдан бери ал жердеги кыйынчылыктардан кийин аткарылып жаткан иштерибиз ылдамдады. Саламаттык сактоо, билим берүү, ишкана иштетүү, жеке кишилерди өнүктүрүү, талаа чарбасы, мал чарбасы, кесиптик билим берүү сыяктуу көп тармакта иштерибиз тынымсыз уланууда.
Түркия үнү радиосу: ТИКА төрагасына келечекке карай кандай пландары болгону туурасында суроо узаттык.
Сердар Чам: Албетте эң оболу бир тууган кыргыз калкы үчүн колубуздан келишинче Түркиянын мүмкүнчүлүктөрүн бөлүшүүбүздү улантабыз. Ушуга ылайык ТИКАнын платформасын эң жакшы түрдө сунуштаганга аракет кылабыз. Кудай буюрса, урматтуу вице-премьер проф. Эмруллах Ишлер менен чогуу эки күндүк сапарыбыз болот. Бишкек жана Ошко сапарыбыз болот. Ал жерде айрым ачылыштар жасалат. Эң маанилүү проекттерибизден бири саламаттык сактоо тармагында болууда. Ошто анын ачылышы болот. Ошондой эле балким, Кавказия жана Орто Азиянын эң чоң окуу жайы ачылды, ага барабыз. Андан тышкары абдан чоң нан чыгаруучу ишкана салынып жатат. Ал жерге да барып көрөбүз. Мындан тышкары биздин мамлекетибиздин бир топ тажрыйбасы бар, алардын кыргыз мамлекети менен бөлүшүлүшү, эки тараптын адистеринин жолугушуусу, достуктардын курулушу жана тажрыйбалардын бөлүшүлүшү сыяктуу темалардын үстүндө иштейбиз. Ошондой эле түрдө билим берүү, суу, мал чарбасы, талаа чарбасы сыяктуу проекттерибиздин үстүндө иштөөнү улантабыз. Буюрса.
Түркия үнү радиосу: Чоң рахмат, кыргыз калкы сизди күтүп алат!

Сердар Чам: Мен дагы рахмат айтамын,ушул жерден пайдаланып бардык бир тууган аймактардын калкына салам жолдоймун.
Түркия үнү радиосу: Рахмат, бар болуңуз!




Этикеткалар:

Тектеш кабарлар