Түрк басма сөзү 25.01.2024

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар.

2093288
Түрк басма сөзү  25.01.2024

«Сабах» гезити «Эрдоган жана Реисиден  террорго каршы кызматташууну бекемдөө билдирүүсү» деген кабарында президент Режеп Таййип Эрдогандын Ирандын президенти Ибрахим Реиси менен Анкарада өткөргөн  биргелешкен пресс  - жыйында сөз сүйлөгөндүгүн жазган. Эрдоган террор менен күрөшүү туралуу : «Өлкөлөрүбүздүн жана аймагыбыздын коопсуздугун бутага алган ПКК/ПЙД/ЙПГ жана ПЕЖАКка каршы кызматташуубуздун дагы да бекемделишинин маанисине токтолдук»,- деди.

«Йени шафак» гезити «Эрдоган : космонавттарыбыз космоско барууну улантат» деп билдирип, президент Эрдогандын космоско космонавт жиберип бул тармакта тарыхый бир кадам ташташкандарын  айтканын белгилеген. Эрдоган : «Космоско ракета барууну улантат, учак конуучу кемелерибиздин курулушу улантылат, фрегаттарыбыз деңиздерге кирет. Анткени биз кургактыкта, деңизде, абада бардык жердебиз. Буюрса коргонуу өнөр жайыбызда күчүбүздү көрсөтүүнү улантабыз»,- деди.

«Хүррийет» гезити «Түркия глобалдык космостук долбоорунда роль ойнойт» деген макаласында Өнөр жай жана технология министри Мехмет Фатих Кажырдын негизги максаттарынын бири космостук өнөр жайын өнүктүрүү экендигин айтканын белгилеген. Турмушка ашырыла турган долбоорлорду санаган Кажыр : «Спутник  өндүрүүдө жетишкен тажрыйбаны жаңы долбоорлордо колдонобуз. Анкарада «Космостук технологияны өнүктүрүү аймагын» курабыз. Глобалдык долбоорлордо роль алабыз»,- деди.

«Стар» гезити «Гезеравжынын космостук сапары дүйнөгө жаңырды» деп жазып,  космоско барган үчүнчү казак жана дүйнөнүн да  545 -  космонавты болгон Айдын Айымбетовдун биринчи түрк космонавт Алпер Гезеравжынын космоско барышына байланыштуу : «Түркиянын эл аралык учкучтуу космостук сапарына кошулушу демек түрк учкучтуу космостук программасынын келечектеги өнүгүшү демек»,- дегенин баяндаган. Айымбетов : «Түркия менен кызматташууга даярбыз»,- деди.

«Хабер түрк» гезити «Байден башкаруусунан Конгресске Ф  - 16  каты» деген кабарында АКШнын президенти Жо Байден башкаруусунун Конгресс мүчөлөрүнө кат жазып, Түркияга  20 миллиард долларлык Lockheed Martin Ф  - 16  аскердик учагы менен модернизациялоочу каражаттарын сатууну бекитүүгө чакыргандыгын билдирген.



Тектеш кабарлар