Түрк басма сөзү 13.06.2024

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

2152430
Түрк басма сөзү 13.06.2024

Түрк басма сөзү 13.06.2024

«Ватан» гезити «Эрдоган Испаниянын королу VI Фелипе менен жолугушту» аттуу маалыматында президент Режеп Таййип Эрдогандын 8-Түркия-Испания өкмөттөр аралык саммитинин алкагында барган Испанияда король VI Фелипе менен жолугушканын жазган. Жолугушууда Түркия менен Испаниянын карым-катнаштары, Израилдин Газадагы кыргындары, аймактык жана глобалдык окуялар каралды.

«Стар» гезити «Эрдоган: Израилге кысым күчөш керек» деген кабарында Испанияда король VI Фелипе менен жолуккан президент Эрдогандын Израиль башкаруучулугунун Палестина жерлериндеги геноциддик саясаттарынын тез арада бүтүшү керектигин айтканын маалымдаган. Эрдоган, эл аралык коомчулуктун Израилге болгон басымынын күчөшүнүн аймакта туруктуу тынчтыктын каалгасын ача аларын белгиледи.

«Йени Шафак» гезити «АКШдан Түркияга ортомчулук сунушу» аттуу макаласында АКШнын Анкарадагы элчиси Жефф Флейк Израиль менен ок атышпоо сүйлөшүүлөрүндө өлкөсүнүн Түркиянын ортомчу болушун каалаганын баса белгилегенин маалымдаган. АКШ элчиси өлкөсүнүн Түркиянын Палестинанын каршылык көрсөтүү кыймылы Хамастын жетекчилигине кээ бир билдирүүлөрдү жеткирүүсүн каалаганын айтты.

«Хабер түрк» гезити «THY Денверге каттамдарын баштады» деген кабарында Түрк аба жолдору (THY) Денверди АКШдагы 14-каттам катары кошконун маалымдаган. Стамбулдан жумасына 3 каттам жасай турган флагмандык авиакомпания 9-июлдан тарта аны жумасына 4 каттамга чыгарат.

«Сабах» гезити «Түркия G20да биринчиликти алды» деген кабарында Чоң жыйырмалык өлкөлөрүнүн үстүбүздөгү жылдын биринчи чейрегиндеги экономикалык өсүүсү орто эсеп менен 0,9 пайыз болсо, Түркия бул мезгилде 2,4 пайыз менен Чоң жыйырмалык өлкөлөрүнүн ичинен эң көп экономикалык өсүүсү болгон өлкө катары катталганын баяндаган.



Тектеш кабарлар