Түрк басма сөзү 11.06.2024

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар.

2151167
Түрк басма сөзү 11.06.2024

«Хабер түрк» гезити Президент Эрдоган Алиев менен жолугушту» деген кабарында Азербайжандын президенти Илхам Алиевдин президент Режеп Таййип Эрдогандын чакыруусу менен кечээ Түркияга иш сапары менен келгенин белгилеген. Президенттик комплексте  өткөн лидерлер жолугушуусунда Түркия менен Азербайжандын карым  - катнаштары, Израилдин Газадагы кол салуулары, оккупациядан куткарылган Азербайжан жерлериндеги курулуштар, аймактык жана глобалдык маселелер каралды.

«Хүррийет» гезити «Террор коридорунун курулушуна уруксат бербейбиз» деген макаласында, улуттук коргоо министри Яшар Гүлердин билдирүүсүндө : «Түрк куралдуу күчтөрү түштүк чек араларынын тышында жикчил террордук уюмдун террор коридорун курушуна эч качан уруксат бербейт»,- дегенин жазган.

«Сабах» гезити «Фидан азербайжандык кесиптеши менен сүйлөштү» деп билдирип, тышкы иштер министри Хакан Фидандын Азербайжандын тышкы иштер министри Жейхун Байрамов менен кечээ телефон аркылуу сүйлөшкөндүгүн белгилеген. Сүйлөшүүдө эки тараптуу жана аймактык маселелер талкууланды.

«Стар» гезити «Чыгыш Жер Ортолук деңизден түрк лососунун экспорту жылдын 5 айында 45 пайызга өстү» деп жазып, Чыгыш Кара деңизден январь  -  май айларынын ортосунда жасалган түрк лососу экспорту жылдык базада  45 пайызга өсүп, 67 миллион 125 миң  19 долларга жеткенин жазган. Россия Федерациясы, Вьетнам жана Беларусь эң көп импорттогон үч өлкө болду.

«Ватан» гезити «Жумушсуздук сандары билдирилди» деген маалыматында, Түркия статистика мекемесинин апрель айына байланыштуу жумушчу күчүнүн статистикаларын билдиргенин белгилеген. Ушуга караганда Түркия боюнча жумушсуз саны апрель айында андан мурдагы айга салшытырмалуу  18 миң кишиге азайып, 3 миллион 42 миң киши болду.



Тектеш кабарлар