Түрк басма сөзү 12.06.2024

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

2151759
Түрк басма сөзү 12.06.2024

«Стар» гезити «Фидандан Орусияда БРИКС билдирүүсү: Кызматташуубузду жогору баалайбы» аттуу кабарында тышкы иштер министри Хакан Фидандын Орусияда өткөрүлгөн БРИКС+ сессиясында сөз сүйлөп: «Президент Эрдогандын «Дүйнө бештен чоң» ураанынын негизинде Түркиянын БУУнун Коопсуздук Кеңешинде жана БУУ менен бирге башка көп тараптуу уюмдарда да реформаларды жүргүзүү үчүн аракет кылууда. Ушул алкакта БРИКС менен кызматташуубузду жогору баалайбыз. БРИКСтеги ар түрдүүлүктүн өнүгүүнү жана стабилдүүлүктү арттыруунун маанилүү элементи экенине ишенебиз»,- деди.

«Хабер түрк» гезити «Түркиянын 2-асронавты Атасевер өлкөгө кайтып келди» аттуу маалыматында Түрк космостук илим миссиясынын алкагында суборбиталдык изилдөө учуусун аткарган Түркиянын экинчи астронавты Тува Жихангир Атасевердин Түркияга кайтып келгенин жазган. Атасевер өз тажрыйбасын жаштар менен бөлүшүүнү чыдамсыздык менен күтүп жатканын билдирди.

«Ватан» гезити «Француз медиасынан THYга мактоо» аттуу кабарында француз гезити «Le Monde» Түрк аба жолдорунун атаандаштарын кызгандыра турган натыйжаларга жетишип, глобалдык авиация тармагында маанилүү актер болуп калганын жазган.

«Сабах» гезити «Министр Шимшек Дүйнөлүк банк тобунун төрагасы менен жолугушту» аттуу маалыматында казына жана каржы министри Мехмет Шимшек кечээ Дүйнөлүк банк тобунун төрагасы Банга менен жолугушуу өткөргөнүн билдирген. Жолугушууда Дүйнөлүк банк менен Түркиянын ортосундагы 2024-2028-финансылык жылдарды камтыган каржылык жана техникалык кызматташтыктын негизин түзгөн «Өлкө кызматташтыгынын алкактары» талкууланды.

«Хүррийет» гезити «Министр Уралоглу: Май айында аэропорттордо 20 миллион жүргүнчү тейленди» аттуу кабарында транспорт жана инфраструктура министри Абдулкадир Уралоглунун кечээки жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө: «Май айында аэропорттордо 20 миллион 230 миң 573 жүргүнчү тейленди. Январь-май мезгилинде болсо 82 миллион 109 миң 667 жүргүнчү аба жолун пайдаланды»,-дегенин жазган.



Тектеш кабарлар