Түрк басма сөзү 14.06.2024

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар.

2152861
Түрк басма сөзү 14.06.2024

"Хабер түрк" гезити "Эрдоган : Түркия өзүнө тартуунун борбору" деген макаласында президент Режеп Таййип Эрдогандын Испаниянын премьер  - министри Педро Санчез менен Мадридде жолугушкандыгын жазган. Эрдоган Испания менен жакшы карым  - катнаштарды дагы да өнүктүрүүнү каалагандарын билдирди. Президент : "Испаниядан көптөгөн инвесторду  аймактын тартуу борбору болгон Түркияга чакырабыз",- деди. 

"Хүррийет" гезити : "Эрдоган : ок атышпоо чечими кагаз жүзүндө калбашы керек"  деп жазып, президент Эрдогандын Газадагы абалды жакындан изилдегендигин, адилеттүү жана туруктуу тынчтыкты түзө турган планды оң  кабыл ала тургандарын баса белгилегенин билдирген. Эрдоган : "Эң негизгиси ок атышпоо чечими кагаз жүзүндө эле калбастан, БУУнун Коопсуздук Кеңешинин мүчөлөрү Израилге кысым жасоосу керек",- деди. 

"Сабах" гезити : "Педро Санчездин Түркия тууралуу билдирүүсү" деген кабарында, Испаниянын премьер  - министри Педро Санчездин Испания менен Түркиянын бардык тармакта мыкты карым  - катнаштарга ээ экендигин айткандыгын жазган. Санчез : "Түркия Испания үчүн экономикалык өнөктөш жана аймагында маанилүү  актёр",- деди. 

"Стар" гезити "Түркиядан Испанияга учкучсуз учуучу аппараттар үчүн жашыл жарык жакты" деп билдирип, жергиликтүү жана улуттук коргоо өнөр жайында эл аралык популярдуулукка ээ болгон Түркиянындүйнөнүн биринчи куралдуу учкучсуз учуучу аппараты  кемеси TCG Anadoluдан  кийин Испания менен да учкучсуз учуучу аппараттар боюнча кызматташа тургандыгын баяндаган.

"Йени шафак" гезити "Ф  - 16лар үчүн кол коюлду" деген билдирүүсүндө, Улуттук коргоо министрлигинин булактары АКШдан алына турган Ф  - 16лар тууралуу келишимдерге кол коюлгандыгын жарыялады. "Келишимдерге кол коюлду, делегациялар арасында кенен сүйлөшүүлөрдүн негизинде иштер аткарылууда",- деп айтылды. 

"Ватан" гезити "Борбордук банктын резервдери тарыхый саммитте" деген маалыматында Борбордук банктын резервдери өткөн жумада  2 жарым миллиард долларга өскөнүн белгилеген. 146 миллиард  152 миллион доллар менен эң жогорку чегине жеткенин жазган. Резервдерде апрель айынын башынан бери  өсүү 71, 5 миллиард доллардан ашты. 

 



Тектеш кабарлар