Түрк басма сөзү 19.01.2024

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар.

2090773
Түрк басма сөзү 19.01.2024

«Стар» гезити «Түркиянын биринчи космонавты Алпер Гезеравжынын космоско сапары башталды» деген кабарында Түркиянын биринчи космос саякатчысы Алпер Гезеравжы да ичинде болгон SpaceXка таандык космостук унаанын Флоридадагы Кеннеди космостук борборунан ийгиликтүү учурулгандыгын жазган. Учуруудан кийин Гезеравжынын космос сапары башталды.

«Ватан» гезити «Кажыр : жергиликтүү космостук унаа жасап космодром курабыз» деп билдирип, Өнөр жай жана технология министри Мехмет Фатих Кажырдын : «Келечекте жергиликтүү космостук унаабыз менен учкучсуз ай миссиясын да аткарабыз. Улуттук ракета системаларыбыз менен космоско баруу жөндөмдүүлүгүбүздү арттыра турган, өзүбүзгө таандык космодром курабыз»,- дегенин маалымдаган.

«Хүррийет» гезити «Эрдоган : Террористан долбоорлорун буздук» деген макаласында президент Эрдогандын террор менен күрөшүү тууралуу Түркиянын эч качан артка кадам таштабай тургандыгын баса белгилегенин жазган. Эрдоган : «Түрдүү аттар менен атап колдогон, мүчөлөрүн машыктырып, камсыз кылган жикчил террордук уюмга чек арабызда «террористан» курдурууну каалашты. Чек ара тышына жүргүзгөн операциялар менен бул долбоорду бузганыбыз үчүн өлкөбүзгө зыян берүүгө аракет кылышты. Эч качан артка кадам таштата алышпайт. Бизди жолубуздан кайтара алышпайт»,- деди.

«Йени шафак» гезити «Фидан : Коопсуздугу коркунуч астында болгон негизинен Израиль эмес» деп билдирип, тышкы иштер министри Хакан Фидандын Израилдин Палестинага карата кол салууларын коопсуздук негизи менен мыйзамдаштырууга аракет кылышынын кабыл алынгыс экендигин белгилеп : «Коопсуздугу коркунуч астында болгон негизинен Израиль эмес палестиналыктар  жана аймак өлкөлөрү»,- деди.

«Сабах» гезити «Түркиядан Ирак, Иран жана Пакистанга сабырдуулук чакыруусу» деген маалыматында Тышкы иштер министрлигинин Ирандын Ирак жана Пакистан жерлерине карата кол салуулар менен күч алган абалдан тынчсыздануулардын болгонун белгилеп дос жана боордош 3 өлкөнү сабырдуу болууга чакырганын баяндаган.



Тектеш кабарлар