Түрк басма сөзү  19.12.2023

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар.

2078163
Түрк басма сөзү  19.12.2023

«Сабах» гезити «Эрдогандан эл аралык коомчулукка Газа тууралуу чакыруу» деген кабарында президент Режеп Таййип Эрдогандын эл аралык коомчулуктун Израилге карата билдирүүлөрдүн берилиши жана болгон кыргындардын акырына чыгарылышында негизги жоопкерчилигинин бар экендигин айтканын жазган. Эрдоган : «Чукул түрдө ок атышпоонун түзүлүшү жана кагылышуулардын жайылышына тоскоол болуу үчүн Түркия катары алгачкы күндөн бери  дипломатиялык аракеттерди жумшап жатабыз»,- деди.

«Хүррийет» гезити «Эрдогандын Венгрия сапары» деп билдирип, президент Режеп Таййип Эрдогандын Венгрияда жолугушууларды өткөргөндүгүн кабарлаган. Президент Эрдоган менен Венгриянын премьер  - министри Виктор Орбандын жолугушуусунда эки өлкөнүн ортосундагы кызматташуунун дагы да тереңдетилиши үчүн таштала турган кадамдар каралды.

«Йени шафак» гезити «Виктор Орбан : Алдыбыздагы кылым Түркия кылымы болот» деген макаласында президент Режеп Таййип Эрдогандын Венгриянын премьер  - министри Виктор Орбан менен биргелешкен пресс  - жыйын өткөргөндүгүн белгилеген. Венгриянын премьер  - министри Орбан : "Алдыбыздагы кылым үчүн абдан чоң бир долбоорду ортого салдыңыз. Алдыдагы кылым сиздин кылымыңыз болот. Буга ишендик, келишимдерди түздүк»,- деди.

«Стар» гезити «Түркия менен Венгриянын ортосунда энергетика кызматташуусу» деп жазып, Энергетика жана жаратылыш ресурстары министри Алпарслан Байрактардын Түркия жана Венгриянын өзөктүк энергетика тармагы, жер астындагы жаратылыш газ кампалары жана суюлтулган жаратылыш газ LNG станциялары тармагында кызматташуу түзө тургандыгын белгиледи. Министр Байрактар : «Өзөктүк энергетика тармагында кызматташуу боюнча меморандумга кол койдук. Кол коюу менен бул тармактагы кызматташуубузду институттук мүнөзгө ээ кылууну максат кылуудабыз», - деди.

«Ватан» гезити «Европа Биримдиги өлкөлөрү менен виза маселеси чечилүүдө»  деген маалыматында Түркиянын Европа Биримдиги өлкөлөрү менен жашап жаткан виза маселелеринин чечилиши үчүн сүйлөшүүлөрдүн ылдамдагандыгы маалымдалды. Өзгөчө студент, илимпоз, инвестор жана өнөрпоздор үчүн процесстин ылдамдатылышы каралууда. Акыркы жылдарда түрк жарандарынын Европа Биримдиги өлкөлөрүнө карата виза кайрылуулары оң жооп албай жаткан.



Тектеш кабарлар